Akchabarsearch
Өлкөгө Индиядан мал жандыктарын алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Жарыяланган

2026-28-01, 18:08

Өлкөгө Индиядан мал жандыктарын алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Өлкөгө Индиядан мал жандыктарын алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чаралар Нипах вирусунун катталышына байланыштуу жана өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Нипах вирусу кооптуу зооноздук инфекция болуп эсептелет жана ал жаныбарлардан адамга жугушу мүмкүн. 

Министрлик жарандарга келип чыгышы белгисиз жаныбарлардан алынган продукцияларды сатып алуудан алыс болууну жана ветеринардык коштоочу документтердин бар-жогуна өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт.


Тектеш материалды окуу