
Жарыяланган
2026-05-02, 12:18Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов нипах вирусунун алдын алуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Анын айтымында, Индиядан келген студенттер көзөмөлгө алынууда.
«Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу коңшу мамлекеттердин алгоритмдерин карап чыгып, алар менен маалымат алмашып жатабыз. Ошондой эле Индиядан келип жаткан студенттер текшерүүдөн өткөрүлүүдө», — деди министр.
Ал бул маселе министрликтин туруктуу көзөмөлүндө экенин кошумчалады.


