
Жарыяланган
2026-25-02, 11:08Өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-февраль саат 9:30га карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык.
Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо, кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.


