Akchabarsearch
    Ош — Наманган — Касансай унаа каттамы жанданды
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-14-02, 16:25

    Ош — Наманган — Касансай унаа каттамы жанданды

    30 жыл мурун токтоп калган Ош-Наманган-Касансай унаа каттамы жанданды. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, каттам “Достук” чек ара бекети аркылуу Өзбекстанга өтүп, Касансай районуна чейин барат.

    Ал жерден кыргыз-өзбек чек арасындагы “Баймак” көзөмөл бекети аркылуу Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна өтсө болот. Муну менен Оштон Ала-Букага 3,5 саатта жетсе болот. Буга чейин аталган районго түштүк калаа аркылуу баргандар 8-9 саат жол жүрүп келишкен.

    Белгиленгендей, Ош-Наманган-Касансай аркылуу сапарга чыккандар чек ара бекеттеринде да көпкө кармалбайт, алар үчүн “жашыл коридор” иштейт.


    Тектеш материалды окуу