
Жарыяланган
2026-04-03, 09:38Бүгүн, 4-март саат 09:00 карата республиканын негизги ашууларында жана унаа жолдордо жол кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынан билдиришти.
Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык. Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, учурда каттам бар. Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.



