
Жарыяланган
2026-04-03, 10:31Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобоев Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, жумушчу сапарынын алкагында министр Сафаровка – Барпы унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жолдун жалпы узундугу 25 чакырымды түзөт.
Министр курулуш иштеринин жүрүшү солгун жүрүп жатканын белгилеп, подрядчы компанияга жумуш темпин күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.



