Akchabarsearch
Ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптардын жобосу бекитилди

Жарыяланган

2026-02-02, 17:35

Ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптардын жобосу бекитилди

Министрлер кабинети өзүнүн токтому менен Кыргызстандын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Ага ылайык, ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 2026-жылдын 1-июлунан тартып 7 млн сомду, 2027-жылдын 1-июлунан тартып 14 млн сомду, ал эми 2028-жылдын 1-июлунан тартып 20 млн сомду түзүшү керек. Ошондой эле ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар бекитилип, мурда кабыл алынган бир катар токтомдор күчүн жоготту.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Тектеш материалды окуу