Akchabarsearch
Манаста үйүндө "черный ломбард" уюштурган жаран кармалды

Жарыяланган

2026-10-02, 09:41

Манаста үйүндө "черный ломбард" уюштурган жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында А.Э. аттуу кыргыз жараны тарабынан мыйзамсыз сүткордук иши аныкталды.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал үйүнөн "черный ломбард" деп аталган жайды иштетип, жылына 150 пайыздан ашык үстөк менен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар менен күрөөгө коюлган акчалай насыяларды берип турган.

“Ш.К. аттуу кыргыз жараны А.Э.ден 1 миллион сом карыз алып, ай сайын 150 миң сом пайыз төлөп турган фактысы аныкталган. Карызды төлөө мезгилинде А.Э. бир нече жолу Ш.К.нын мүлкүн опузалап, коркутуп-үркүтүү жолу менен тартып алууга аракет кылып, кечиктирилген пайыздарды төлөп берүүнү талап кылып, унаасын тартып алган”, - деп жазылат маалыматта.

 4-февралда А.Э. 200 миң сом пайыз алып жатканда пара менен кармалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө А.Э. күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берген.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. 


Тектеш материалды окуу