Akchabarsearch
Маданият министрлигине караштуу спорт департаментинде коррупциялык схема аныкталды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-19-09, 12:36

Маданият министрлигине караштуу спорт департаментинде коррупциялык схема аныкталды

Маданият министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилери катышкан коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылы департаменттин директорунун орун басары Т.С.С. жана каржы бөлүмүнүн жетекчиси А.Р.Д. «Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору» мекемеси расмий түзүлө электе эле медициналык жабдууларды сатып алуу иштерин баштаган.

Алар жеке кызыкчылыктарын көздөп, “Ф” ЖЧКнын аффилирленген фирмасы аркылуу 30 млн сомдук жабдууларды сатып алууну уюштурушкан. Бул учурда жабдуулардын тизмеси жана аталышы негизсиз өзгөртүлүп, баалар жогорулатылган. Натыйжада мамлекеттин бюджетине 10 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Сатып алынган жабдуулар бүгүнкү күнгө чейин колдонууга берилген эмес, ал эми кээ бир материалдардын мөөнөтү өтүп кеткен.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Т.С.С., А.Р.Д. жана “Ф” ЖЧКсынын директору Т.Н.А. кармалды. 

УКМК бул фактыга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштерин улантууда.
 


Тектеш материалды окуу