Akchabarsearch
    Айыл чарба министринин орун басары кармалды, министрлик үн катты

    Жарыяланган

    2025-20-08, 12:39

    Айыл чарба министринин орун басары кармалды, министрлик үн катты

    Айыл чарба министрлиги кызматкерлеринин коррупцияга шектелип кармалганы боюнча үн катты. 

    Министрлик азырынча тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштин жагдайларын ачыктоо мүмкүн эмес экенин белгилеп, алардын кызматкерлери ишин так, ак ниет аткарууга дайыма аракет кыларын билдирди. 

    "Бардыгы тергөөнүн жыйынтыгында белгилүү болот жана министрлик анын жыйынтыктары тууралуу коомчулукка сөзсүз түрдө маалымат берет", — деп айтылат маалыматта. 

    Эскерте кетсек, буга чейин УКМК айыл чарба министринин орун басары баштаган кызмат адамдар коррупцияга шектелип кармалганы тууралуу кабарлаган. Алар малды чет жакка экспорттоо үчүн квота берүүдө коррупциялык схема уюштурган деп шектелүүдө. 


    Тектеш материалды окуу