Жарыяланган
2025-20-08, 10:53Айыл чарба министринин орун басары баштаган кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алар малды чет жакка экспорттоо үчүн квота берүүдө коррупциялык схема уюштурган деп шектелүүдө.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2025-жылы июль айында Айыл чарба министрлиги өлкөдөгү баалар кымбаттабашы үчүн малды квота менен экспорттоо тууралуу чечим киргизген.
Бирок айыл чарба министринин орун басары Н.С. (Самат Насирдинов), Ветеринардык кызматтын директору У.К. (Улукбек Кожобергенов), Айыл чарба министрлигиндеги бөлүм башчы Э.М. жана Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысы Б.Н. уулу кызмат абалынан пайдаланып, акча табуу үчүн квотаны мал багып-кармабаган тааныш-билиштерине беришкен. Ошол эле учурда министрликтеги адамдар аларга мал-жандыгы бар деген жасалма документтерди алууга кол кабыш кылган.
Квотаны мыйзамсыз алгандар аны дыйкандарга жана мал экспорттогондорго сатышкан: анын баасы бир баш бодо малга 300 доллардан, майда жандык үчүн 5 миң сомдон болгон.
Натыйжада 40 миңден ашык баш мал Өзбекстанга мыйзамсыз сатылып, эттин кымбатташына себеп болгон.
Аталган чиновниктер, аларга ортомчу болгон адамдар кармалып, УКМКнын Жалал-Абаддагы тергөө абагына камакка алынды.
Учурде тергөө иштери жүрүүдө.