Akchabarsearch
Мал чарбачылыгында ветеринардык коопсуздукту күчөтүү маселеси талкууланды

Жарыяланган

2026-13-03, 09:50

Мал чарбачылыгында ветеринардык коопсуздукту күчөтүү маселеси талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков бир катар фермердик чарбаларды кыдырып, жергиликтүү мал чарбачылары, чарба жетекчилери жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Анын жүрүшүндө мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды. Айрыкча соңку жылдары мал арасында ар кандай оорулардын көбөйүшү фермерлерди тынчсыздандырып жатканы белгиленди. Мал чарбачылары профилактикалык чараларды күчөтүү, өз убагында диагностика жүргүзүү жана ветеринардык кызматтар тарабынан ыкчам аракеттерди көрүү зарылдыгын айтышты.

Министр Эрлист Акунбеков эпизоотиялык коопсуздукту алдын алуу айыл чарба саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Анын тапшырмасы менен тиешелүү кызматтар ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө, эпизоотиялык абалды туруктуу мониторингдөөгө жана чарбалардагы профилактикалык иштерди активдештирүүгө милдеттендирилди.

Ошондой эле мал оорулары тууралуу түшкөн бардык маалыматтарга ыкчам жооп кайтаруу боюнча тапшырмалар берилди. Министрликтин маалыматына ылайык, республикалык бюджеттен биологиялык препараттарды жана лабораториялык диагностикалык комплекттерди сатып алууга каражат бөлүнгөн.


Тектеш материалды окуу