Akchabarsearch
"Жаш ветеринар: турак-жай жана карьера" аттуу пилоттук программа ишке киргизилет

Жарыяланган

2025-08-12, 14:23

"Жаш ветеринар: турак-жай жана карьера" аттуу пилоттук программа ишке киргизилет

"Жаш ветеринар: турак-жай жана карьера" аттуу пилоттук программа ишке киргизилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, программа ветеринардык кадрлардын жетишсиздигин азайтууга, алыскы жана айылдык аймактарда жаш адистерди кармап калууга, ошондой эле ветеринардык көзөмөлдүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. 

Токтомдун долбоору компетенттүү мамлекеттик органдардын алгачкы кароосунан өтүп, учурда тактоо жана толуктоо баскычында турат. 

Пилоттук программанын алкагында 12 айдын ичинде 60 жаш адиске катышууга мүмкүнчүлүк берилет. Катышуучулар кеминде 5 жыл иштеп берүү боюнча милдеттенме алышат. 

Программа төмөнкүлөрдү камтыйт: 

  • көтөрүм акыларды берүү; 
  • ипотекага баштапкы төлөм чогултууга арналган атайын депозитке ай сайын каражат топтоо;
  • батир ижарасын компенсациялоо же кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу. 

Министрлик бул демилгенин социалдык жактан маанилүү жана каржылык жактан туруктуу экенин белгилеп, жарандардын сунуш-пикирлерин кабыл алууга даяр экенин кошумчалайт.


Тектеш материалды окуу