Akchabarsearch
Мамлекет «Ала-Тоо Резортко» дагы 500 млн сом бөлөт

Жарыяланган

2026-14-10, 13:55

Мамлекет «Ала-Тоо Резортко» дагы 500 млн сом бөлөт

Мамлекет «Ала-Тоо Резорт» ААКсынын уставдык капиталына дагы 500 млн сом бөлөт. Кошумча каражаттан кийин компаниянын капиталы 7.49 млрд сомго жетет. Бул тууралуу чечимди коомдун жалгыз акционери 12-октябрда кабыл алган.

Компаниянын фондулук рынокко жарыяланган маалыматына ылайык, каражат президенттин 2026-жылдын 15-майындагы тескемесинин негизинде компаниянын банктык эсебине которулган. Эми бул каражат мамлекеттин уставдык капиталга кошкон салымы катары катталат.

Бул үчүн «Ала-Тоо Резорт» ар бири 1 миң сомдон турган 500 миң жаңы акция чыгарат. Алардын баары мамлекетке берилет.

Уставдык капитал 6.99 млрд сомдон 7.49 млрд сомго чейин, башкача айтканда, 7.1%га көбөйөт. Акцияларды жайгаштыруу аяктагандан кийин алардын жалпы саны 7.49 млн даана болот.

Кошумча каражат мамлекеттик маанидеги «Ала-Тоо Резорт» жыл бою иштеген тоо кластерин куруу долбоорун каржылоого багытталат.


Тектеш материалды окуу