Akchabarsearch
"Ала-Тоо Резортко" алып барчу 14.5 чакырым жол жаңыланууда

Жарыяланган

2026-16-11, 17:34

"Ала-Тоо Резортко" алып барчу 14.5 чакырым жол жаңыланууда

Ысык-Көл облусундагы Боз-Учук — Шахта — Жыргалан унаа жолунун 14.5 чакырым бөлүгүндө курулуш иштери жүрүүдө. Бул жол Жыргалан өрөөнүнө жана «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа курортуна алып баруучу негизги каттамдардын бири болуп саналат.

Маалыматка ылайык, учурда жер жумуштарынын 62%ы аяктап, жолго суу өткөрүүчү түтүктөр жана тирөөч дубалдар орнотулган. Ошондой эле 700 метр аралыкка асфальттын биринчи катмары төшөлгөн.

Курулушка 100дөн ашык атайын техника жана 130 жумушчу тартылган.

Жол толук курулуп бүткөндөн кийин туристтик аймактарга баруу жеңилдеп, жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорттук шарттар жакшырат.


Тектеш материалды окуу

"Ала-Тоо Резортко" алып барчу 14.5 чакырым жол жаңыланууда Акчабарда