
Жарыяланган
2026-02-07, 18:15Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринде жаңы асма жолдорду ишке киргизүүнү баштап берди.
Долбоордун алкагында узундугу 1727 метр жана 2296 метр болгон эки асма жол толугу менен бүткөрүлдү. Бул курорттун биринчи ири инфраструктуралык кадамы болуп саналат.
Келечекте бул жерде жалпы узундугу 120 чакырымга жакын лыжа трассалары курулат. Бул ар кандай деңгээлдеги эс алуучуларга ылайыкталып, кийин эл аралык мелдештерди өткөрүүгө да мүмкүнчүлүк берет.
Коопсуздук үчүн коргоочу торлор, инженердик коргонуу системалары, суу агызуу жана навигация жабдуулары орнотулууда. Ошондой эле суу жана электр менен камсыздоо иштери да жүрүп жатат.
Инфраструктуранын алкагында негизги жолдор да курулууда:
• Каракол – Жыргалаң (65 км)
• Боз-Учук – Жыргалаң (14,5 км)
• Альтернативдүү жол (8,5 км)
Курорттун биринчи этабы 2026-жылдын декабрында ачылат. Бул убакта алгачкы лыжа трассалары, 6 асма жол, имараттар жана унаа токтотуучу жайлар даяр болот.
Долбоор толук ишке ашса, “Ала-Тоо Резорт” жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алып, 7 миңге жакын жумуш орунун түзөт.



