Жарыяланган
2025-08-09, 16:35Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортунун курулушун баштоо үчүн объектилердин чек аралары такталып, жер тилкелерине атайын казыктар кагылды.
Иш-чарага Президенттин Администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев катышып, буга чейин аукциондо жеңүүчү болгон инвесторлорго жер участокторунун кызыл китептерин тапшырды.
Жакын арада Ак-Суу районунун Жыргалаң чокусунун аймагына беш жылдыздуу мейманканалардын, VIP-коттедждердин жана модулдук үйлөрдүн курулушу башталат.
Кошумчалай кетсек, июль айында өткөн аукциондо коюлган 49 лоттун ичинен 14 лоттун жеңүүчүлөрү аныкталган. Анын баардыгын жергиликтүү инвесторлор уткан.