Akchabarsearch
«Ала-Тоо Резорт» курортунун аукционунун акыркы этабына эки жума калды

Жарыяланган

2026-12-05, 10:02

«Ала-Тоо Резорт» курортунун аукционунун акыркы этабына эки жума калды

«Ала-Тоо Резорт» долбоорундагы «Жыргалаң» курортунун аймагындагы жер тилкелерди сатуу боюнча үчүнчү жана акыркы аукцион 27–29-май күндөрү өтөт.

Соода Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин электрондук соода аянтчасында ачык онлайн форматта уюштурулат.

Аукционго туристтик жана инфраструктуралык объектилерди курууга арналган акыркы 19 лот коюлат. Долбоордун алкагында ар түрдүү категориядагы мейманканалар, апартаменттер, ресторандар жана туристтик тармакка тиешелүү башка объектилерди куруу пландалууда.

Аукционго жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор, курулуш компаниялары, мейманкана бизнесинин өкүлдөрү, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар катыша алышат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, буга чейинки эки этапта аукционго коюлуп 50 лоттун 31и сатылган.

Катышуу шарттары тууралуу кеңири маалыматты alatooresort.kg сайтынан алууга болот.

Электрондук аукцион auctionetp.gov.kg соода аянтчасында өткөрүлөт.
 


Тектеш материалды окуу