Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-12-09, 14:57

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын баштапкы капиталы көбөйдү

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 30-августта жалпы суммасы 1 млрд сомго 1 млн нускада жөнөкөй аталыштагы акцияларды кошумча чыгарды.

Анын натыйжасында банк жүгүртүүдөгү баштапкы капиталын 18,7 млрд сомдон 19,7 млрд сомго чейин көбөйттү.

Каржы министрлиги тарабынан капиталга катышуунун үлүшү 100%ды түзөт (өзгөртүлгөн капиталдын жалпы суммасы — 19 млрд 700 млн сом).


Тектеш материалды окуу