
Жарыяланган
2025-04-12, 11:50Айыл Банк накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жана Береке санариптик кызматын илгерилетүүгө багытталган «Төлөмдөрдү кабыл алып, миллион утуп ал!» акциясынын жыйынтыгын чыгарды. 1-апрелден 2-декабрга чейин ишкерлер Береке 2.0 тиркемеси аркылуу 500 сомдон жогору ар бир QR-төлөм үчүн баалуу сыйлыктардын оюнуна катышып келишти.
Акция жүрүшүндө 1 миллиондон ашуун накталай эмес операция жасалып, бул бизнес чөйрөсүнүн банктын санариптик кызматтарга болгон кызыгуусун тастыктады.
Финалдык этаптын жеңүүчүлөрү
• iPad Pro — Бостеков Темерлан Нурмаматович (800 000операция)
• iPhone 16 — Артелбеков Ренат Сабыбекович (900 000операция)
• 1 000 000 сом — Асаналиева Айсулуу Рысбековна (1 000 000 операция). Сыйлык тапшыруу аземинде жеңүүчүлөр Айыл Банктын Башкармасынын төрагасы Тилек Алимджанов жана Береке 2.0 командасы менен жолугушту. Жетекчилик тиркеме мындан ары да жигердүү өнүгүп, ишкерлерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келерин белгиледи.
«Береке 2.0 колдонуучуларынын саны күн санап өсүүдө. Биз тиркемени өнүктүрүү боюнча тынымсыз иштеп жатабыз: кызматтарды жакшыртып, пайдалуу функцияларды кошуудабыз.
Береке 2.0 мындан ары да өнүгүп, өлкөдөгү жеке ишкерлерге дагы көп пайда алып келет», — деди Тилек Алимджанов.
Береке 2.0 — бул ишкерлер үчүн күнүмдүк бизнес-процесстерди жөнөкөйлөштүрүп, каржылык маалыматтын ачыктыгын камсыздап, санарип доорунда бизнес жүргүзүүнү жеңилдеткен заманбап инструмент.
Улуттук банктын лицензиясы № 048



