Жарыяланган
2025-12-05, 17:30Дүйнөдөгү алдыңкы рейтинг агенттиктеринин бири болгон S&P Global Ratings «Айыл Банк» ААКсына «B+/B» деңгээлиндеги рейтинг ыйгаруу менен «Туруктуу» деп баалады. Бул банктын туруктуулугун, ачыктыгын жана эл аралык каржы коомчулугу тарабынан жогорку ишенимге ээ экенин дагы бир жолу ырастап турат.
Белгиленген рейтинг Айыл Банктын өзүнүн кардарлары, өнөктөштөрү жана инвесторлору алдындагы милдеттемелерин өз убагында жана толук көлөмдө аткара ала турган жөндөмүн чагылдырат. Бул банкты ишенимдүү жана туруктуу каржы институту катары көрсөтүп, анын аброюн дагы бекемдейт.
2024-жылдын аягында банктын жалпы активдери болжол менен 158 миллиард сомду (же 1,8 миллиард АКШ долларын) түздү. Бул көрсөткүч боюнча Айыл Банк Кыргызстандагы эң ири банк болуп эсептелет. Учурда банк өлкөдөгү депозиттик рыноктун 20%ын тейлейт жана улуттук экономиканын каржылык таянычы болуп келет.
Кредиттик портфелдин 34%дан ашыгы дыйкандарды, кооперативдерди жана агрардык ишканаларды колдоого багытталган. Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна жана региондордун туруктуу өнүгүшүнө кошкон салымы.
«Дүйнөдөгү алдыңкы агенттиктердин бири тарабынан рейтинг берилгени — Айыл Банк ишенимдүү жана туруктуу өнөктөш экенинин айкын далили. Биз кардарлардын ишенимин мындан ары да бекемдеп, агроөнөр жай тармагын өнүктүрүп, Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө салым кошууну улантабыз», — деп белгилешти «Айыл Банк» ААК башкармалыгынан.
Маалымат үчүн: S&P Global Ratings — NYSE: SPGI индексинде көрсөтүлгөн, дүйнөлүк каржы рыноктору үчүн кредиттик рейтингдерди жана аналитикалык чечимдерди сунуштаган S&P Global эл аралык тобунун курамына кирет. Moody’s жана Fitch менен бирге дүйнөлүк деңгээлдеги эң беделдүү үч рейтинг агенттигинин катарында.
Улуттук банктын лицензиясы № 048