
Жарыяланган
2026-09-06, 09:49ABank Кыргызстандагы ишкерлер үчүн Visa Business Boost акциясын баштады. Акция «Береке» мобилдик тиркемеси аркылуу өткөрүлүп, банктык санариптик кызматтарды активдүү колдонгон ишкерлерге ваучерлерди топтоого жана баалуу байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүк берет.
Катышуучулар QR аркылуу төлөм жүргүзгөндө, «Береке» тиркемеси аркылуу салыктарды төлөгөндө, Visa Business картасын колдонгондо жана башка ишкерлерди «Береке» тиркемесине кошулууга чакырганда ваучер топтой алышат.
Акциянын алкагында жума сайын 30 катышуучуга банк тарабынан байгелер тапшырылат. Ал эми акция соңунда топтолгон бардык ваучерлердин негизинде башкы байгелердин жеңүүчүлөрү аныкталат. Алар: эки кишилик Мальдив аралдарына саякат, MacBook, iPhone 17 жана ABankтын фирмалык белектери.
Акцияга катышуу үчүн «Береке» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, Visa Business картасын тариздеп, тиркемедеги тапшырмаларды аткаруу жетиштүү. Топтолгон ваучерлердин саны канчалык көп болсо, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук жогору болот.
Акция тууралуу толук маалымат жана катышуу шарттары ABankтын расмий сайтында жеткиликтүү: https://www.abank.kg/
Улуттук банктын лицензиясы №048



