
Жарыяланган
2025-10-04, 13:38"Манас" эл аралык аэрпортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күзүндө аяктайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, учуп-конуу тилкеси жаңылангандан кийин учактардын жумшак конуусуна шарт түзүлөт. Учактардын конуусуна белги берген заманбап жарыктандыруучу жабдыктар орнотулат.
"Бул өз кезегинде аба ырайынын начарлашынан учактар коно албай калган учурларды дээрлик жокко чыгарат. Мисалы, азыркыдай бир аз туман түшсө, башка аэропортко кетирүү маселеси жаралбайт", - дейт ал.
Оңдоо иштери быйыл октябрь-ноябрда соңуна чыгат.
Келерки жылы "Ош" эл аралык аэропортунун учуп-коно турган тилкеси жасалат.
Жаңылоо иштери "Кыргызстан аэропорттору" (мурдагы "Манас эл аралык аэропорту" ААКсы) компаниясынын өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, "Манас" аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо ушул аптада башталды. Курулуш иштери дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү кечки саат 18:00дон түнкү саат 03:00го чейин жүргүзүлүүдө. Аталган сааттарда аэропорттон каттамдар жасалбайт.

