
Жарыяланган
2026-17-03, 13:34“Манас” эл аралык аэропортун жаңылоо иштери ушул жылдын май айында аяктайт. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК өкүлү Алтынбек Мамбетов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, долбоор эки этап менен жүрүүдө жана биринчи этаптагы иштер график боюнча толук аяктады. Учуп-конуу тилкесине жаңы асфальт төшөлүп, жарыктандыруу системалары орнотулуп, тиешелүү сертификаттар алынган.
Ошондой эле, былтыр май айында башталган аэробекетти кеңейтүү жана ички жасалгаларды жаңылоо иштери да май айында бүткөрүлөт. Жаңы бөлүк пайдаланууга берилип, жүргүнчүлөр ошол тарап аркылуу өткөрүлө баштайт. Андан кийин эски бөлүк жабылып, оңдоо иштери улантылат.

