Akchabarsearch
“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миң адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот

Жарыяланган

2026-24-03, 15:56

“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миң адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Манас Ордо” комплексине барып, аны реконструкциялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпы суммасы 1 млрд 300 млн сом сомго жасалып жаткан реконструкциялоо иштеринен кийин “Манас Ордо” комплекси күнүнө 10 миң адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Курулуш иштерин ушул жылдын июль айына бүткөрүү пландалууда. 

Иш сапардын жүрүшүндө Касымалиев Талас облустук юстиция башкармалыгынын административдик имараты “Юстиция үйүнүн” жаңы имаратын ачты.

Республикалык бюджеттин эсебинен курулган имарат заманбап шарттары менен камсыздалып пайдаланууга берилди.


Тектеш материалды окуу