
Жарыяланган
2026-15-01, 15:06Таластагы “Манас Ордо” комплексинин реконструкция иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана утрак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө арматура каркастарын монтаждоо жана монолиттик темир-бетон плитасын орнотулуп жатат. Ошондой эле, опалубка системасын орнотуу жана котлован казуу иштери жүргүзүлүүдө.
“Манас-Ордонун” жалпы аянты 225 гектар. Жаңы долбоорго ылайык, музей имаратынын аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилет.
Комплекс күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алууга шарт түзүлөт. Комплексте административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук элементтер камтылган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле салтанаттуу иш-чаралар үчүн борборлор курулууда.
Мындан тышкары, коноктор үчүн соода жана эс алуу аймагын түзгөн галерея жана 3500 орундуу маданий жана коомдук иш-чаралар борбору да каралган.



