Akchabarsearch
Чүй: “Император Строй” курулуш компаниясын кара тизмеге киргизүү маселеси каралууда

Жарыяланган

2026-06-08, 11:13

Чүй: “Император Строй” курулуш компаниясын кара тизмеге киргизүү маселеси каралууда

Москва районунда уруксат документтери жок курулуп жаткан 7 кабаттуу турак жай аныкталды. Курулуш иштери Ленин көчөсү, 99 дарегинде жүргүзүлүп жаткан. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Император Строй” ЖЧКсы курулуш иштерин тиешелүү уруксат кагаздарысыз жүргүзүп жатканы аныкталган. Компанияга буга чейин акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынган. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилип, курулуш убактылуу токтотулган.

Бирок компания берилген талаптарды аткарбай, курулуш иштерин уланткан. Буга байланыштуу материалдар Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, “Император Строй” ЖЧКсынын лицензиясын 90 күнгө токтотуу маселеси каралууда.
 


Тектеш материалды окуу