Akchabarsearch
Россиянын «кара тизмесинде» 90 миңден ашуун кыргызстандык бар

Жарыяланган

2025-19-12, 14:53

Россиянын «кара тизмесинде» 90 миңден ашуун кыргызстандык бар

Быйыл ноябрь айына карата Россияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмеге» 91 миң 566 кыргызстандык киргизилген. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Россиядагы жаңы мыйзамдарга ылайык, чет өлкөлүк жарандар эмгек же окуу келишими жок 90 күндөн ашык жүрө албайт. Эрежени бузгандарга каттоого, банк кызматтарына жана мүлккө чектөөлөр коюлуп, Ички иштер министрлигине чакырылса сөзсүз баруу талап кылынат.

Мыйзамдуу миграцияны колдоо максатында «Бирдиктүү уруксат» аттуу пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Анын алкагында 47 миң 686 чет элдик адиске 60 күндүк, ал эми 35 миң 88 жаранга 360 күндүк уруксат берилген. Бул чаралар чет элдик жумушчулардын ишин мыйзамдаштырууга жана республикалык бюджетке каражат түшүшүнө жардам берет.

Министрдин орун басарынын айтымында, мигранттардын негизги көйгөйлөрү — эмгек келишиминин жоктугу, мыйзамсыз жумушка орношуу, паспорттордун алынып коюлушу, турак жай жана социалдык кепилдиктердин жоктугу.

 


Тектеш материалды окуу