Akchabarsearch
Кыргызстан авиакомпанияларын ЕБнын “кара тизмесинен” чыгаруу маселеси талкууланды

Жарыяланган

2026-25-03, 15:40

Кыргызстан авиакомпанияларын ЕБнын “кара тизмесинен” чыгаруу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа комиссиясынын өкүлү Питер Соренсен менен жолугуп, авиация коопсуздугу жана кызматташтык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Тараптар кыргыз авиакомпанияларын Европа Биримдигинин коопсуздук тизмесинен чыгаруу боюнча жүрүп жаткан иштерге токтолушту. 

Министрлер кабинети авиация тармагында жүргүзүлгөн реформалар, аэропортторду жаңылоо жана эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча маалымат берди.

Европалык тарап жетишилген ийгиликтерди белгилеп, акыркы чечим 2026-жылдын май айында кабыл алынарын билдирди.


Тектеш материалды окуу