Akchabarsearch
Ноокатта 40 жылдан кийин 48 батирлүү үй пайдаланууга берилди

Жарыяланган

2026-09-09, 14:26

Ноокатта 40 жылдан кийин 48 батирлүү үй пайдаланууга берилди

Ноокат шаарынын Аэропорт көчөсү 48 дарегинде жайгашкан төрт кабаттуу, 48 батирлүү турак үйдүн жашоочуларына объектти пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы тапшырылды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган турак үйдүн курулушу 1986-жылы башталып, 1989-жылы токтоп калган. Кийинчерээк, 2023-жылы Ноокат шаарынын мэриясы тарабынан курулуш иштери кайрадан жүргүзүлгөн. Бирок ар кандай жагдайларга байланыштуу объектти пайдаланууга берүү маселеси узак убакыт бою чечилбей келген.

Мындан улам батир ээлери турак жайларын өз атына каттатып, тиешелүү укук белгилөөчү документтерди ала албай келген. Ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жогорулатылган тарифтер боюнча төлөм жүргүзүүгө аргасыз болушкан.

Натыйжада, көп жылдан бери чечилбей келген маселе чечилип, жашоочулар эми өз батирлерин мыйзамдуу түрдө каттатып, тиешелүү документтерин ала алат. Ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүүгө шарт түзүлдү. 
 


Тектеш материалды окуу