
Жарыяланган
2026-20-10, 10:15Кыргызстанда 2026-жылдын январь–сентябрь айларында курулуш иштеринин жалпы көлөмү 380 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62.2%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматында айтылат.
Тогуз айда негизги капиталга салынган инвестициялар 68.5%га өсүп, 365.7 млрд сомго жетти. Анын 85%ы кен казуу, өндүрүш, транспорт, энергетика, билим берүү жана турак жай курулушуна багытталган.
Бул мезгилде бир катар социалдык жана инфраструктуралык объекттер курулду:
· «Менин үйүм» программасынын алкагында 3 миң 217 батирдин курулушу аяктады;
· 33 мектеп, 3 оорукана, 17 амбулаториялык-бейтапканалык мекеме жана 37 бала бакча курулду;
· Бир катар чакан ГЭСтер жана башка энергетикалык объекттер пайдаланууга берилди;
· Балыкчы–Кочкор темир жолунун 63 чакырымдык бөлүгүнүн курулушунун биринчи этабы башталды;
· Өндүрүш, логистика жана туризм тармактарында жаңы объекттер ишке кирди.
Мындан тышкары, 2026-жылдын октябрь айынын башына карата өлкө боюнча жалпы узундугу 1 миң 668 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөлдү.
Курулуш тармагы өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүшүнө 4.18 пайыздык пункт салым кошту. Ал эми ИДПнын жалпы түзүмүндөгү үлүшү 9.1%ды түздү.



