
Жарыяланган
2026-13-08, 09:57Талас шаарындагы “Нургазы” соода базарынын аймагындагы 73 контейнер уруксат берүүчү документтерсиз иштеп келгени аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү Сарыгулов жана Оторбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан базарда жүргүзүлгөн.
Базарга жооптуу “Абакир” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди.



