
Жарыяланган
2026-28-08, 17:0730-августтан тартып Бишкекте үч күн бою курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана оор атайын техникаларды колдонууга убактылуу тыюу салынат.
Чектөө Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу киргизилди.
Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин курулуш компаниялары менен болгон жыйынында айтылды.
Ошондой эле курулуш компанияларына инженердик жана энергетикалык коммуникацияларга зыян келтирбөө, атайын техникаларды коопсуз пайдалануу боюнча талаптар эскертилди.
Энергетикалык көзөмөл органдары жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын өкүлдөрү электр объектилерине жакын жерде иш алып барууда этият болууга чакырды.



