
Жарыяланган
2026-03-11, 14:40Бишкектин Көк-Жар конушунда 2022-жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан 200 батирлүү үйдү Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүп, инвестор тартуу сунушталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев үлүш ээлери менен жолугуп, курулушту аяктоо жолдорун талкуулаган. Ал үйдү толук бүтүрүү үчүн объектти министрликке өткөрүп берүү жана инвестор тартуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган.
Үлүш ээлери бул демилгени колдоп, үйдү министрликтин карамагына өткөрүүгө макулдугун расмий кат жүзүндө билдирүүгө даяр экенин айтышкан.
Белгилей кетсек, Куйручук көчөсү, 197/2 дарегинде жайгашкан 15 кабаттуу турак жайды «Эмаком» жана «Ханстрой» компаниялары 2022-жылдан бери бүтүрө элек.
Ошондой эле аталган компаниялардын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн тиешелүү маалыматтар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.



