Akchabarsearch
Манас районундагы “томат” сортундагы төө буурчак Россия менен Түркияга экспорттолууда

Жарыяланган

2025-04-09, 11:18

Манас районундагы “томат” сортундагы төө буурчак Россия менен Түркияга экспорттолууда

Манас районунда төө буурчактын «томат» сорту жакшы натыйжа берүүдө — гектарына орто эсеп менен 1.8–2 тонна түшүм алынууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Учурда базарда бул буурчактын баасы 100–105 сомдон сатылып жатат.

Бул сорттун өзгөчөлүгү — буурчактары чоң, тегиз формада жана бышкандан кийин өзүн сактап калуу касиетине ээ. Тамак-ашка пайдалуулугу жогору болгондуктан, ал ички рынокто гана эмес, чет өлкөлөрдө да чоң суроо талапка ээ. 

Бүгүнкү күнгө карата райондо 120 гектар жерден түшүм жыйналып, дыйкандар жыйналган түшүмдү Россия жана Түркия мамлекеттерине экспорттоо менен жергиликтүү экономикага олуттуу салым кошуп жатышат.


Тектеш материалды окуу