Akchabarsearch
    Таластын төө бурчагы 30дан ашык өлкөгө экспорттолот

    Жарыяланган

    2025-21-08, 15:23

    Таластын төө бурчагы 30дан ашык өлкөгө экспорттолот

    Таластын Орто-Арык айылында быйыл төө бурчактын түшүмү мол болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    Быйыл күн ысык болгонуна байланыштуу жыйноо иштери 15-20 күнгө эрте башталган.

    Айылдын бир тургуну 1.5 га жерге «Нирвана» сортундагы төө буурчак айдап, 1 гектар жерден 1.5 тонна түшүм алган.

    Дыйкандын айтымында, төө бурчактын баасы базарда 105-110 сомдон сатылып жатат. Ал эми, тракторлор 2 га жерди 5 миң сомдон жулуп беришет.

    Бул жылы Талас районунда 12 миң 183 гектарга буурчак айдалган. Былтыркы жылга салыштырмалуу 319 га көп. Райондо буурчактын төрттөн ашык түрү өстүрүлөт.

    Белгилей кетсек, Таластын төө буурчагы 30дан ашык өлкөгө экспорттолот.

     

     


    Тектеш материалды окуу