Akchabarsearch
Манас шаарында үч объектинин курулушунан 1.1 млрд сом үнөмдөлдү

Жарыяланган

2026-08-09, 14:28

Манас шаарында үч объектинин курулушунан 1.1 млрд сом үнөмдөлдү

Манас шаарында үч ири социалдык объектинин курулушунун баасы кайра эсептелип чыгып, бюджеттен 1.1 млрд сом үнөмдөлө турган болду. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Мэриянын маалыматы боюнча, азыр шаарда 7 кабаттуу облустук клиникалык оорукананын, 5.2 миң орундуу спорт сарайынын жана «Акылман» президенттик мектеп-лицейинин курулушу жүрүүдө. Курулуш министрлиги аталган объектилердин долбоордук-сметалык документтерин кайра карап, курулуш чыгымдары кыскартылган. Натыйжада үч объекттен  1.1 млрд сом бюджеттик каражат үнөмдөлө турган болгон. 

Облустук клиникалык оорукана

Башында оорукананы курууга 1 млрд 645.9 млн сом кетет деп эсептелген. Кайра эсептөөдөн кийин курулушка 1 млрд 571 млн сом кетет деп такталып, 74.9 млн сом үнөмдөлгөн.

Ооруканада лаборатория, амбулатордук-диагностика, реанимация, операция, нейрохирургия, травматология, онкология, урология, көз жана ЛОР бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле чатырында 219 чарчы метрлик тик учак коно турган аянтча жана төрт лифт салынат.

5.2 миң орундуу спорт сарай

Алгач спорт сарайын салууга 3 млрд сомдон ашык акча кетет деп каралган. Кайра эсептөөлөрдөн кийин курулушка 2.6 млрд сом деп саналып чыккан. Жыйынтыгында 479 млн сом бюджеттик акча үнөмдөлө турган болгон.

Нет описания фото.

Бул спорт сарайында футбол аянтчасы, VIP орундар, административдик имарат, эл аралык талаптарга жооп берген бассейн, машыгуу аянтчалары, медициналык пункт, тамактануучу жайлар жана унаа токтотуучу жай каралган.

«Акылман» президенттик мектеп-лицейи

Башында бул билим ордосунун бир чарчы метри 1 миң 103 долларга салынат деп каралса, кайра эсептөөлөрдөн кийин ал 750 долларга чейин түшүрүлгөн. Тактап айтканда, мектеп-лицейдин курулушуна 2.1 млрд сом кетет деп пландалса, азыр 1.7 млрд сом сарптала турган болду. Жыйынтыгында бюджеттен 443.5 млн сом үнөмдөлөт.

Нет описания фото.

Мектеп-лицейде 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн турак жай, лабораториялар, китепкана, бассейн, спорт зал жана стадион бар болот.

Учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат. Мектеп-лицейди жаңы окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда.


Тектеш материалды окуу

  • Ысык-Көл: Бирлик айылында 80.9 млн бала бакча салынды

    Ысык-Көл облусунун Түп районунун Бирлик айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
    2026-08-09 09:22:22
  • Манас шаарында үч объектинин курулушунан 1.1 млрд сом үнөмдөлдү

    Мэриянын маалыматы боюнча, азыр шаарда 7 кабаттуу облустук клиникалык оорукананын, 5.2 миң орундуу спорт сарайынын жана «Акылман» президенттик мектеп-лицейинин курулушу жүрүүдө. Курулуш министрлиги аталган объектилердин долбоордук-сметалык документтери кайра каралып, курулуш чыгымдары кыскартылган. Натыйжада үч объект боюнча 1.1 млрд сом бюджеттик каражат үнөмдөлгөн.
    2026-08-09 08:28:57
  • Банандын импорту 4.1 миң тоннага көбөйдү

    2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 1.73 млрд сомго банан импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
    2026-08-09 07:29:09
  • Мигранттар пенсиялык төгүмдөрдү эми онлайн төлөй алышат

    «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында үч реформа ишке ашырылды. Биринчи реформа - чет өлкөдө иштеген жарандарга пенсиялык камсыздандырууга алыстан катышууга шарт түздү.
    2026-08-09 06:26:40
Манас шаарында үч объектинин курулушунан 1.1 млрд сом үнөмдөлдү Акчабарда