
Жарыяланган
2026-15-06, 16:28Манас шаарындагы “Манас” эс алуу багы 50 млн долларга жаңыланып, расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылды.
Реконструкциялоо иштеринин алкагында парк аймагы толугу менен жаңыланып, заманбап жарыктандыруу системалары, ландшафттык жасалгалар орнотулган.
Мындан сырткары, балдар үчүн жаңы аттракциондор, спорттук жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, эс алуу зоналары, коомдук тамактануу жана соода түйүндөрү курулуп, аймак толугу менен видеокөзөмөл системалары менен камсыздалган.

