Akchabarsearch
MEGA өлкөнүн телекоммуникациялык инфраструктурасын кеңири масштабда өнүктүрүүнү улантууда

Жарыяланган

2026-11-02, 11:30

MEGA өлкөнүн телекоммуникациялык инфраструктурасын кеңири масштабда өнүктүрүүнү улантууда

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Кыргызстандын телекоммуникациялык инфраструктурасын системалуу жана кеңири масштабда өнүктүрүүнү улантууда, өлкө боюнча мобилдик байланыштын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн ырааттуу түрдө жакшыртып келет.

Кардардык тажрыйбасын жакшыртуу стратегиясынын алкагында компания жаңы базалык станцияларды активдүү түрдө ишке киргизип, учурдагы тармактык жабдууларды жаңылап жатат. Бул абоненттерге эң алыскы калктуу конуштарда да туруктуу үн байланышынан жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернеттен пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Тармакты өнүктүрүүнүн кийинки этабы өлкөнүн негизги шаарларын жана райондорун камтыйт. 4G-байланыш сапатын олуттуу жакшыртуу иштери Бишкек, Ош, Майлуу-Суу, Өзгөн, Кара-Суу, Токмок, Кара-Балта шаарларында жана Нарын облусундагы Миң-Куш шаар тибиндеги конушунда ишке ашырылды. 

Ошол эле учурда MEGA төмөнкү аймактардын айыл жерлеринде өз камтуусун кеңейтти жана күчөттү:

Жалал-Абад облусу: Карл Маркс атындагы, Чек, Алчалуу, Ширин, Сузак, Кыр-Жол (Сузак айылдык аймагы), Сафаровка, Дүкүр, Арымжан, Беш-Жыгач, Кагазды, Кара-Булак, Коминтерн, Кызыл-Жылдыз, Сары-Сыя (мурдагы Киров атындагы), Черемушки.

Ош облусу: Кечкен-Жар, Курбан-Кара (Савай айылдык аймагы), Кызыл-Шарк, Савай-Арык, Тынчтык, Жоош, Кызыл-Булак, Эрка-Кашка, Таш-Короо, Семиз-Көл, Араван (Алля-Анаров айылдык аймагы), Араван (С. Юсупов айылдык аймагы), Учар, Учкун (Мады айылдык аймагы), Ынтымак (Отуз адыр айылдык аймагы), Ак-Таш, Анжиян айылы Бел айылы, Борбаш (Бел айылдык аймагы), Жаңы-Ноокат, Жаш, Мончок-Дөбө, Тажик-Махалла, Интернационал, Какыр-Пилтан, Эрка-Кашка, Гюльбахор.

Чүй облусу: Кашкелен, Таш-Дөбө, Бир-Булак, Заря, Майское, Мирный, Кашкелен, Кожомкул, Алексеевка

Тармакты кеңейтүү долбоорунун алкагында жаңы 4G базалык станциялары ишке киргизилди:

• Ош облусу: Будайлык айылы, Таш-Булак айылы, Чоң-Кыштоо айылы.

• Жалал-Абад облусу: Алмалуу-Булак айылы, Соку-Таш айылы, Шатрак айылы.

• Баткен облусу: Жалгыз-Булак айылы.

Жаңы байланыш объектилеринин ишке киргизилиши миңдеген абоненттер үчүн маалыматтарды өткөрүү ылдамдыгын, байланыштын туруктуулугун жана тейлөө сапатын бир топ жогорулатат.

Мамлекеттик оператор катары MEGA байланышты өнүктүрүүнү жөн гана технологиялык тапшырма катары эмес, аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошуу катары карайт. Компания шаар жана айыл жерлеринин ортосундагы санариптик ажырымды үзгүлтүксүз жоюп, заманбап телекоммуникациялык мүмкүнчүлүктөргө бирдей жетүүнү камсыз кылат.

MEGA - ӨЗYБYЗД байланышты танда!

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР


Тектеш материалды окуу