Akchabarsearch
MegaPay Visa Payment Facilitator статусун алды

Жарыяланган

2026-04-03, 16:25

MegaPay Visa Payment Facilitator статусун алды

MegaPay (“Кыргызмобайлкомпани” ЖЧК) Visa эл аралык төлөм системасынан Payment Facilitator (PF) расмий статусун алды.

Бул статус сервиске бизнести бирдиктүү интеграциялоо жана келишимдин алкагында Visa картасы менен төлөмдөрдү кабыл алууга кошууга мүмкүндүк берет. MegaPay эквайринг банктары менен соода-сатык сервистери менен иш алып баргандардын ортосунда ортомчу катары иштей алат, интернет-эквайрингге кошулуу процессин жөнөкөйлөтөт.

PF статусу компаниянын технологиялык инфраструктурасы жана коопсуздук стандарттары боюнча Visa талаптарына жооп берерин тастыктайт.

Ишкерлер үчүн негизги артыкчылыктар:

  • Тез баштоо: Интернет-эквайрингди ишке киргизүү убактысынын кыскарышы.
  • Минималдуу бюрократия: Кошуу учурунда административдик жүктүн азайышы.
  • Глобалдык мүмкүнчүлүктөр: Даяр жана коопсуз технологиялык модуль аркылуу эл аралык төлөмдөрдү кабыл алуу.
  • Ишенимдүүлүк: PF статусу MegaPay инфраструктурасынын Visa төлөм системасынын катуу коопсуздук стандарттарына толук шайкештигин тастыктайт.

“Visa тарабынан бизге PF статусунун ыйгарылышы — бул биздин технологиялык жана операциялык мүмкүнчүлүктөрүбүздүн таанылышы. Биздин максатыбыз — чакан жана орто бизнести санариптик төлөмдөр тармагында жаңы деңгээлге чыгаруу жана алар үчүн ишенимдүү өнөктөш болуу”, — деп белгилей кетти компания өкүлү.

08.01.2020-жылдагы КРУБ лиц. №3028080120 жана №2027080120.


Тектеш материалды окуу