Akchabarsearch
MEGA пенсионерлер жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык тарифти ишке киргизүүдө

Жарыяланган

2026-27-01, 15:12

MEGA пенсионерлер жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык тарифти ишке киргизүүдө

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору пенсионерлер жана майыптыгы бар адамдар үчүн атайын иштелип чыккан «Социалдык» жаңы тарифтик планын ишке киргизүүдө. 

Тарифти иштеп чыгуунун максаты ─ күнүмдүк жашоосунда байланыш өзгөчө керек болгон адамдар үчүн жеткиликтүү баадагы жана туруктуу байланышты камсыз кылуу. 

«Социалдык» тарифи боюнча абоненттик төлөмдүн наркы 30 күнгө 150 сомду түзөт.

       Тарифте төмөндөгүлөр камтылган:

  • максималдуу ылдамдыктагы 20 ГБ интернет-трафик;

  • WhatsApp'ка каалашынча кирүү мүмкүнчүлүгү;

  • MEGA тармагынын ичинде чектөөсүз чалуулар жана SMSтер; 

  • тарифтин аракет мөөнөтүнүн ичинде тармактан тышкары чалуулар үчүн 15 мүнөт;

  • MegaTV колдонмосундагы 50 телеканал;

  • Wi-Fi аркылуу интернетти чектөөсүз таратуу.

Тарифти кошуу MEGA Сатуу жана тейлөө борборлору аркылуу ишке ашырылат. Бул үчүн тастыктоочу документтердин бирин – пенсиялык күбөлүктү же майыптыгы тууралуу тиешелүү маалым катты көрсөтүү зарыл.  

«Социалдык» тарифин ишке киргизүү MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун санариптик кызматтарды кеңири жайылтууга, жарандардын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоого багытталган стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат жана  Компания бул багытта ырааттуу иш алып барууда.

MEGA – ар бир адамга кам көрүү менен!

КР МБА лицензиялары:

№14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР.


Тектеш материалды окуу