
Жарыяланган
2025-26-08, 12:092025-жылдын 1-сентябрына чейин мүлк салыгын— атап айтканда, турак жайларга, батирлерге (ишкердик максатта пайдаланылбаган), ошондой эле үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө зарылдыгын эскертебиз.
Айыптарды бултурбоо оңой эле — MegaPay мобилдик колдонмосу аркылуу тез жана коопсуз төлөм жүргүзүүгө болот.
Кантип төлөө керек?
1. Колдонмо эң акыркы версияга жаңыланганын текшериңиз;
2. «Сервистер» бөлүмүндө «Салык кызматынын кызмат көрсөтүүлөрү» категориясын тандаңыз;
3. «Мүлк салыгын төлөө» баскычын басыңыз;
4. Салыктын талап кылынган түрүн, жылды, ИСН номерди жана КМБ көрсөтүңүз;
5. Сумма автоматтык түрдө эсептелет — төлөмдү тастыктаӊыз.
Транзакция аяктагандан кийин, дүмүрчөк колдонмодо сакталат жана каалаган убакта жүктөп алууга болот.
Маанилүү: Салыкты өз убагында төлөбөгөндүк үчүн айып пул: жеке жактарга 1000 сомду, юридикалык жактарга 5000 сомду түзөт.
MegaPay сервисинин аркасында колдонуучуларда салыктын бардык түрлөрүн төлөөгө эң сонун мүмкүнчүлүк бар. Алар өздөрүнүн салыктык милдеттенмелеринен кутулуп гана тим болбостон, башка адам үчүн салыкты оңой төлөй алышат. Бул жеке да, юридикалык да жактардын жашоосун бир кыйла жеӊилдетет.
Бардык транзакциялар жеке маалыматтардын жана каражаттардын коопсуздугун кепилдеген заманбап шифрлөө куралдары менен корголот.
Салык төлөмдөрүн интеграциялоо – колдонуучулардын негизги керектөөлөрүн камтыган, MegaPay’дин бирдиктүү каржылык платформаны түзүүгө карай жасаган кадамдарынын бири.
MegaPay – күнүмдүк жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР


