
Жарыяланган
2026-28-09, 11:00MegaPay «Мега Инвестиция» кызматы аркылуу сатылып алынган мамлекеттик казыналык облигациялар (МКО) боюнча биринчи купондук төлөмдөрдү жүргүзө баштады. Биринчи төлөм 2026-жылдын 17-июнунан 25-июнуна чейин МКО сатып алган инвесторлорго 2026-жылдын 17-сентябрында жүргүзүлдү.
Мамлекеттик казыналык облигациялардын кирешелүүлүгү жылына 17% ды түзөт. Купондук төлөмдөр ар бир үч ай сайын белгилүү бир чыгарылыштын графигине ылайык жүргүзүлөт. Төлөмдүн суммасы сатылып алынган МКОлордун суммасына жараша болот.
Ар кандай мезгилдерде облигацияларды сатып алган инвесторлор үчүн төмөндөгү биринчи төлөм даталары каралган:
• 2026-жылдын 17-июнунан 25-июнуна чейин – биринчи төлөм 2026-жылдын 17-сентябрында, андан кийин 2028-жылдын 17-июнуна чейин ар бир үч ай сайын жүргүзүлөт;
• 2026-жылдын 25-июнунан 9-июлуна чейин — биринчи төлөм 2026-жылдын 25-сентябрында, андан кийин 2028-жылдын 25-июнуна чейин ар бир үч ай сайын төлөнөт;
• 2026-жылдын 10-июлунан 22-июлуна чейин — биринчи төлөм 2026-жылдын 10-октябрында, андан кийин 2028-жылдын 10-июлуна чейин ар бир үч ай сайын төлөнөт;
• 2026-жылдын 24-июлунан 10-августуна чейин — биринчи төлөм 2026-жылдын 24-октябрында, андан кийин 2028-жылдын 24-июлуна чейин ар бир үч ай сайын төлөнөт;
• 2026-жылдын 11-августунан 26-августуна чейин — биринчи төлөм 2026-жылдын 11-ноябрында, андан кийин 2028-жылдын 11-августуна чейин ар бир үч ай сайын төлөнөт.
Кийинки бардык төлөмдөр тиешелүү МКО чыгаруу графигине ылайык жүргүзүлөт.
MegaPay колдонмосундагы «Мега Инвестициялар» сервиси колдонуучуларга мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга жана аларды чыгаруу шарттарына ылайык киреше алууга мүмкүндүк берет. Купондук төлөмдөрдүн башталышы биринчи чыгарылыштардын инвесторлор үчүн киреше алуу этабына өтүшүн билдирет.
08.01.2020-жылдагы №3028080120 жана №2027080120 жана 23.04.2026-жылдагы №8003230426 КРУБ лиц.



