Akchabarsearch
Илья Варламов Кыргызстанда "Google’га салык" төлөй баштайт

Жарыяланган

2026-28-09, 13:57

Илья Варламов Кыргызстанда "Google’га салык" төлөй баштайт

Россиялык белгилүү журналист, блогер Илья Варламов Кыргызстанда "Google’га салык" төлөй баштайт.

Варламов кыргыз салык кызматынын электрондук кызмат көрсөткөндөдүн реестрине 2-сентябрда кирген. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет элдик компаниялар төлөгөн кошумча нарк салыгы жөнөкөй тил менен "Google’га салык" деп айтылып келет. Ал Кыргызстанда 2022-жылы киргизилген. Аны Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүп, акча тапкан чет элдик компаниялар төлөйт.

2026-жылдын январь-август айларында "Google’га салык" өлкө бюджетине 1 млрд 270.6 млн сом түштү.
 


Тектеш материалды окуу