Akchabarsearch
Тонировкага уруксаттын баасын убактылуу арзандатуу сунушталууда

Жарыяланган

2026-28-09, 16:01

Тонировкага уруксаттын баасын убактылуу арзандатуу сунушталууда

Унааларды каттоо борбору унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксаттын баасын убактылуу арзандатууну сунуштап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мекеменин маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстанда тонировкага уруксаттын баасын арзандатуу боюнча эки жолу акция уюштурулган.

Биринчисинде (2-февралдан 3-мартка чейин) жалпы 15.3 миң уруксат алынып, 537.7 млн сом төлөнгөн. Экинчисинде (15-июндан 15-июлга чейин) 15.4 миң уруксат берилип, мекеменин эсебине 541.6 млн сом түшкөн. Эки акцияда тең уруксаттан дээрлик баарын жарандар алган.

Эми Унааларды каттоо борбору 15-октябрдан 15-ноябрга чейин тонировкага уруксаттын баасын 15 миң сомго арзандатууну сунуштап жатат. Ошондо кыргыз жарандар үчүн уруксаттан баасы - 35 миң сом , юридикалык жактар үчүн - 55 миң сом жана резидент эместер үчүн - 75 мин сом болот. 


Тектеш материалды окуу