Akchabarsearch
"Кыргызнефтегаз" кызматкерлерине 13-айлык төлөй баштайт

Жарыяланган

2026-28-09, 15:26

"Кыргызнефтегаз" кызматкерлерине 13-айлык төлөй баштайт

"Кыргызнефтегаз" компаниясында кызматкерлерге 13-айлык төлөнө баштайт. Ал үчүн компаниянын бюджетинен 130 млн сом каралды.

Аны менен катар өндүрүштүк эмес тармакта иштеп, 18-19 миң сом айлык алган кызматкерлердин маянасы 6 миң сомго көбөйтүлгөн.

2026-жылдын биринчи кварталынан тарта компанияда иштегендер тамактануу үчүн кварталдык жөлөкпул алышат. Аны төлөөгө 160 млн сом каралган.

Ошондой эле компаниянын маалыматы боюнча, жумушчулардын балдары үчүн "Зорька" жайкы ден соолукту чыңдоо борборунда эс алуу акысыз болду. Кызматкерлер менен пенсионерлерге "Нефтчи" санаторий-профилакторийге акысыз жолдомолор берилүүдө. Жайында Чолпон-Атадагы пансионатта 500дөн ашык киши (кызматкер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү) эс алып келген.

Азыр компания документтер менен иштешүүнү кыргыз тилине өткөрүүнүн үстүндө иш алып барууда. 
 


Тектеш материалды окуу