
Жарыяланган
2026-12-03, 15:43Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган стратегиялык эгиндерге басым жасоону сунуштады.
Министрликтин өкүлү Туратбек Идирисов арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүн көбүрөөк өстүрүү зарыл экенин билдирди.
Анын айтымында, малина, кулпунай жана жүгөрү кирешелүү өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Дыйкандарга тамчылатып же жамгырлатып сугаруу ыкмаларын колдонуу сунушталып, мындай системаларды орнотуу үчүн мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар берилет.
Ошондой эле өлкөдө мал-жандыктын саны көбөйгөнүнө байланыштуу арпа жана жүгөрү сыяктуу тоют эгиндерин өстүрүү да көбөйүп жатканы айтылды. Адистер дыйкандарга жазгы талаа иштеринин алдында топурактын анализин жасап, үрөндүн сапатын текшерип, жер семирткичтерди белгиленген нормада колдонуу керектигин эскертишет.

