Akchabarsearch
Мүлккө салыкты автоматтык эсептөө салык төлөөчүлөргө түйшүк жарата баштады

Жарыяланган

2026-06-04, 12:34

Мүлккө салыкты автоматтык эсептөө салык төлөөчүлөргө түйшүк жарата баштады

Кыргызстанда турак жай эмес объектилерге салыкты автоматтык түрдө эсептөө киргизилгенден кийин жарандар ката эсептөөлөр чыгып жатканын айтып, арызданууда. Ката эсептөөнүн айынан имараттын аянты чоң көрсөтүлүп, салыктын суммасы да чоң чыгып жатканын билдирүүдө. 

1-марттан тарта Салык кызматы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинен алган маалыматтын негизинде турак жай эмес мүлккө салыкты автоматтык түрдө эсептөө тутумун киргизген. 

Арызданган жарандын айтымында, жаңы тутум иштей баштагандан кийин анын имараты эки жарым эсе – 2 миңден 5 мин чарчы метрге чейин “чоңоюп кеткен”. Анын айынан ага үч эсе көп салык чыгып келген. 

Ал билдиргендей, маалыматтарды тууралоого аракет кылганы менен Салык кызматы менен Кадастр мекемесинин ортосунда “ары-бери топтой тебилген”. Бир мекемеде маалыматтарды туура бергенин айтса, экичнчиси кандай маалымат келсе, ошону менен иштеп жатканын билдиришүүдө.

Мекемеге барганда да маселе дароо чечилбейт. Биринчи узун кезек күтүп отурушуң керек. Андан кийин адиске кайрылып, ага айтып, ал маалыматтарды кол менен оңдоп чыгат.

Салык кызматы салыктын туура эсептелиши Кадастр мекемесинен алынган маалыматтарга жараша болорун моюнга алууда. Алар объектинин салык төлөөчүлөрдү документтериндеги маалыматтарды жеке кабинетиндеги маалыматтар менен салыштырып, тактап коюуну сунуштайт. 

Эки мекеме тең жарандардын кайрылуулары боюнча ыкчам аракет көрүп иштеп жатышканын билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, турак жай эмес объектилерге салык квартал сайын – 20-мартка, 20-июнга, 20-сентябрга жана 20-декабрга чейин төлөнөт. Бирок системада жанагыдай мүчүлүштүктөр болуп жатканда, салык төлөөчүлөрдү бир топ түйшүккө салары бышык.  
 


Тектеш материалды окуу