
Жарыяланган
2026-07-05, 19:51Монополияга каршы агенттик Кыргызстанда “азык-түлүктүн баасы эң кымбат” деп айтуу туура эмес экенин билдирди.
Мекеме билдиргендей, акыркы кезде социалдык тармактарда жана айрым интернет ресурстарда азык-түлүктүн, тамактануучу жайлардын жана бензин-дизелдин баасы өтө эле кымбаттыгы тууралуу маалыматтар, ой-пикирлер айтылууда. Бирок аталган агенттик андай билдирүүлөр менен макул эмес. Мекеме ал айтылгандар калыс эмес экенин белгилейт.
Агенттик социалдык манидеги товарлардын (1-сорттогу ун, нан, сүт, май, ак май, кумшекер ж.б.) бааларына байкоо салып, аларды ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрү менен салыштырып турарын айтып, өлкө ичиндеги баалар туруктуу жана көзөмөлдө экенин билдирди.
Мекеме Numbeo эл аралык изилдөө аянтчасынын маалыматтарына таянып, өз чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен катар Кыргызстанда эттин баасы эң арзандардын бири экенин билдирди. Маселен 1 кг уй эти:
• Кыргызстанда —8,5 долларга жакын;
• Казакстанда — 8,72 доллар;
• Россияда — 10,90 доллар;
• Азербайжанда — 10,53 доллар;
• Арменияда — 12,28 доллар;
• Түркияда — 20,01 доллар турат.
Монополияга каршы агенттик Кыргызстандагы уй этинин баасын бир нече өнүккөн өлкөдөгү баалар менен салыштырып, аларда уй эти кыйла кымбат экенин белгилейт:
• Швейцарияда — 45,75 доллар;
• Норвегияда — 32,82 доллар;
• Люксембургда — 27,74 доллар;
• Түштүк Кореяда — 25,28 доллар;
• Сингапурда — 24,85 доллар турат.
Аталган мекеме Кыргызстанда “эң кымбат баалар” деген билдирүүлөр туура эмес экенин, аны башка өлкөлөр менен салыштыруулар көрсөтүп турарын кошумчалайт.
Аны менен катар агенттик бир катар социалдык маанидеги товарлар Армения, Тажикстан, Өзбекстандыкынан арзан экенин, айрымдары Россия, Беларустуку менен бирдей экенин белгилейт.



