Akchabarsearch
Такси болуп иштеген жарандар 1-июлга чейин лицензия алышы керек

Жарыяланган

2026-07-05, 11:43

Такси болуп иштеген жарандар 1-июлга чейин лицензия алышы керек

Такси болуп иштеген жарандар 1-июлга чейин лицензия алышы керек. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү эске салат.

Аталган бөлүм буга чейин жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишмердүүлүгүн лицензиялоо мөөнөтү 1-июлга чейин узартылганын, бирок учурда лицензия алууга келгендердин саны азайып кеткенин белгилейт.

Мындан улам такси болуп иштеген жарандарды акыркы күндөрдү күтпөстөн, тиешелүү документтерди даярдап, лицензияны өз убагында алып кетүүгө чакырат.

6-майда Базар-Коргон шаарындагы актовбекетте такси айдоочулары арасында лицензия алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 


Тектеш материалды окуу